Беловодское айылында 110 млн сомдук заманбап муздаткыч комплекс ишке берилди
Чүй облусунун Беловодское айылында «Клубмалина» ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси пайдаланууга берилди. Жалпы наркы 110 млн сомду түзгөн долбоор айыл чарба продукциясын сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү фермерлерди колдоого багытталган.
Объект «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Ачылыш аземине суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (ОРСП) директору Тамчыбек Тулеев, фермерлер жана ишкананын өнөктөштөрү катышты.
Долбоордун жалпы наркынын 75 млн сому Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун эсебинен бөлүнгөн. Калган каражатты ишкана өз эсебинен каржылаган.
Аянты 1500 чарчы метрге жакын заманбап комплексте продукцияны сактоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, ишкананын ишке кириши менен 20дан ашык жаңы жумуш орду түзүлдү.
Министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев белгилегендей, мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, фермерлердин эмгегин колдоого жана ата мекендик продукциянын экспорттук дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт.