"Эркин-Тоо"

Билим берүү министрлиги мектепке күчүк алып келген окуучунун окуясы боюнча билдирүү таратты

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке күчүк алып келген окуучу баланы мугалими урушуп жатканы боюнча интернет тармактарына тараган видео тууралуу билдирүү таратты.

Аталган окуя ушул жылдын 13-февралында Баткендин Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия-мектебинде II сменанын биринчи сабагында болгон.

«4-класстын окуучусу күчүк алып келгендиктен класс жетекчиси А.З. бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени башка кайталабоону эскертип, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Видеодогу куралчан кызматкер коопсуздук кызматкери эмес, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калган», — деп кошумчалашты министрликтен.

Булак: super.kg

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!