«BiO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек АЙДАРАЛИЕВ: “ФЕРМЕРДИК ЧАРБАЛАРДЫН ӨНДҮРҮШТҮК ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДАРАМЕТИН ЧЫҢДОО ЗАРЫЛ”

– Искендербек Рысбекович, азыркы учурда азык-түлүк коопсуздугу эң негизги көйгөйгө айлангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк фермер чарбаларын өнүктүрүүнүн 10 жылдык планы бекитилген, ошол тууралуу сөз кылып берсеңиз.

– 10 жылдык планда 2028-жылга чейин айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди кантип чечүү керектиги камтылган. Учурдагы климаттын өзгөрүүсүнүн таасири, жаратылыш ресурстарынын деградациясы, анын ичинде суунун жетишсиздиги, жердин арыкташы жана биоартүрдүүлүктүн жоголуусуна байланышкан көйгөйлөр менен күрөшүү мезгилинде азык түлүк коопсуздугу дүйнө жүзүндө көтөрүлүп жаткан эң орчундуу маселелердин бири болуп калды. Кыргызстанда айыл чарбасындагы реформадан кийин колхоз, совхоздордун баары тарап, алгач уруу-уруу болуп биригишип, кийин бара-бара үй-бүлөлүк фермердик чарбага айланган. Азыркы күндө алардын ролу абдан чоң. Статистикалык маалыматтар боюнча үй-бүлөлүк чакан фермердик чарбалар Кыргызстанда азык-түлүк өндүрүшүнүн 80%дан ашыгын камсыз кылып, айыл аймактарын өнүктүрүүнүн экономикалык түзүмүнүн негизги күчү болуп саналат. Азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоо жана аны туруктуу абалга жеткирүү үчүн аталган системада ыкчам аракеттерди көрүү бүгүнкү күндүн негизги талабы.

2017-жылы Бириккен Улуттар Уюму дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү күн тартибин ишке ашыруу максатында азык-түлүк тутумун өнүктүрүүнү күчөтүү үчүн бирдиктүү ыкманы колдонуп, үй-бүлөлүк чарбалардын көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк бергендиги тууралуу үй-бүлөлүк фермердиктин 10 жылдыгын жарыялаган. Максаты – үй-бүлөлүк фермердик чарбалар туш болгон көйгөйлөрдү жоюу, өндүрүштүк жана инвестициялык дараметин чыңдоо үчүн конкреттүү чараларды көрүү болуп саналат. Бул агроазык-түлүк системасында болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө жол ачат. Үй-бүлөлүк фермерлер азык-түлүктү гана өндүрбөстөн, бир эле мезгилде экологиялык, социалдык жана маданий функцияларды аткарышып, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана туулган жердин, табигый аймактын сактоочулары, Кыргызстандын коомдук жана маданий мурастарын алып жүрүүчүлөрү болуп саналышат. Ошондой эле азыр алар натыйжалуу мамлекеттик саясаттын жана программалардын колдоосу менен азык-түлүк коопсуздугунун маселелерин гана чечпестен, социалдык теңсиздикти жоюу үчүн жашоо деңгээлин жогорулатууга, калкты иш менен камсыз кылууга, айылдык аймактарды өнүктүрүүгө, айыл тургундарынын кирешелерин жогорулатууга, миграциянын агымын төмөндөтүүгө жана өлкөдө жагымдуу социалдык климатты түзүүгө өбөлгө түзөт.

– Бул планды аткарууда КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен чогу иш алып барасыздарбы?

– Мамлекет тараптан фермердик чарбаларга кандай колдоолор көрсөтүлүшү керек, алардын азык-түлүк коопсуздугуна кошкон салымдарын өнүктүрүү керек деген максатта кабыл алынган улуттук деңгээлдеги иш пландар Айыл чарба министрлигинин токтому менен бекитилип, ошол мезгилдеги министр Аскарбек Жаныбеков кол койгон. Ошондон бери бул багытта мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүп жатат. Учурда КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев биз менен тыгыз иш алып барууда. Квартал сайын министрликтин астында чоң жыйын өтөт. Ал жерде ийгиликтүү фермерлердин жасап жаткан алгылыктуу иштери жөнүндө презентациялар жасалып, жакшы идеяларын, ойлорун бизге окшогон коомдук бирикмелер кубаттап, колдоп иш тажрыйбалары менен бөлүшүп келет. Максаты – кичи фермердик үй-бүлөлүк чакан чарбаларды үйрөтүп, тажрыйба алмашып, окутуп, билим берип, ар бир үй-бүлөлүк фермердин жерлери толук кандуу иштеп, жасаган мээнети кайтып, мамлекетти азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылууга көмөктөшүп өбөлгө түзүү.

Түштүк жергесинде тамарка деп коюшат. Бул айыл жергесиндеги ар бир үйдүн айланасындагы өз огороддору. 10-15 сотук чарбагын иштетип, кандай пайда тапса болот деген жакшы идеялар көтөрүлүп жатат. Кыргызстан боюнча анализ жасап көрсөк, дээрлик көпчүлүк үй-бүлөлөр 2-3 торпогун, 5-6 коюн багып, короо, сарайларды салып алышып, өз чарбагын огород катары пайдаланбайт. Эшигинин астынан үзүп ала турган нерсе үчүн дүкөнгө же базарга чуркашат да, көбүнчө химиялык заттар менен бышкан жашылча жемиштерди сатып алганга көнүп калышкан. Мына ушундай жерлерди иштетүү, адамдардын муктаждыктарын канааттандырууда биологиялык ар түрдүүлүктүн туруктуулугун сактап, табигый таза жана нукура азыкты пайдаланууну колго алуудабыз. Үйдүн тегерегиндеги огороддорду иштетүүдө чоң техниканын кереги жок. Кетмен, күрөк менен эле үйүнө кирип чыгып иштей берсе болот. Ал эми үлүш жерлери алыс болгондуктан, күнүгө барып караганга мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ага чоңурак күч жана убакыт талап кылынат.

Органикалык аймак деп өзүбүз 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатабыз. Биздин тоолуу органикалык аймактардагы 1 сотукка жетпеген жерлерге парниктерди орноттук. Алар ага чейин сабиз, пияз, помидор, бадыраң, тамак-ашка пайдаланылчу көк чөптөрдү эч качан өз огороддоруна эгип көргөн эмес. Аларды парниктерге өстүрүшүп, өздөрүнүн тамак-ашына жана күнүмдүк керектөөлөрүнө пайдаланып, артканын анча-мынча айыл элине сатканга да мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Эң негизгиси, ден соолук үчүн пайдалуу экендигин түшүнүп калышты. Берилген үлүш жерлерин, үй астындагы чакан огороддорун иштетишип, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугуна өз пайдаларын тийгизишсе дейбиз.

– Жер иштетип, дыйканчылыкты баары эле жакшы өздөштүрүп калыштыбы?

– Реформадан кийин баары дыйкан фермер болуп чыга келди. Жерди кантип иштетебиз, билебизби билбейбизби, малды кандай кылып багып, кантип дарылайбыз. Мына ушулардын баарын билбей туруп, көпчүлүгү бири-биринен үйрөнүп алып эле иш алып барып жатышат. Ал үчүн эмне кылуу керек? Бүгүнкү күндө мына ушул багытта окуулар, практикалык иштер абдан керек. Биздин органикалык аймактарда окутуу иштерин, аларга кантип жардам берүү керектиги боюнча фермерлердин арасында иштерди тынымсыз жүргүзүп жатабыз. Жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча коомчулукка, элге, ошол жердеги 20-30дай үй-бүлөгө өзүбүздүн тажрыйбаларыбызды бөлүшүүдөбүз. Бул багыттагы иштерди ар бир райондо, керек болсо ар бир айыл өкмөттөрүндө жайылтуу керек. Өзүнүн кичинекей мыкты фермердик чарбасынын ийгиликтерин бөлүшкүсү келбегендер бар. Чет мамлекеттен тажрыйба алууга ашыкпай, өзүбүздүкүлөрдүн бышып жетилген, эл көнгөн, адаптациядан өткөн иш тажрыйбаларын жер-жерлерде, ар бир айыл өкмөттөрүндө жайылтсак болот. Кыргызстанда көптөгөн күчтүү фермерлер бар. Ага карабай фермерлерди чет өлкөгө окууга жөнөтүп, алардын тажрыйбасын колдонобуз. Ал жакта климат башка. Бизде башка. Ошондуктан, өзүбүздүн күчтүү фермерлердин иш практикаларын жайылтышыбыз керек.

Фермерлердин окутуу иштерин жүрөгү менен кабыл алып, берилип, астыга жылышыбыз керек деген максаты болсо жакшы болмок. Тилекке каршы, көпчүлүгүндө андай ниет жок. Себеби, заманга жараша жаңы технологиялар менен эриш-аркак иштебесек, эски нерсе менен алдыга жылуу кыйын. Эгерде биз кичи үй-бүлөлүк фермерлерди окутуп, алдыңкы тажрыйбалар менен тааныштырып, көрсөтүп ишти жолго коюп алсак, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көп деле жаралбайт.

– Фермерлердин билбегенин билдирип, жер иштетүүнүн сырларын окутуп, үйрөткөнүңүздөр дыйкандар үчүн эч качан ашыкча болбойт. Бирок, азыр жерге химиялык заттар бериле берип, жердин кунары кеткен дейт, бул боюнча да окутасыздарбы?

– Үлүш жерлерге химиялык заттарды жыл сайын көбөйтүп берип отуруп жердин кунары кетти. Бул багытта да фермерлерди окутуу керек. Жердин курамына лабораториядан анализ жүргүзүп, азыркы учурдагы абалын, азот, калий, фосфордун канчалык деңгээлде бар экендигин аныктап, жердин курамына жетишпеген жер семирткичтерди кантип берүүнүн ыкмаларын окутуу зарыл. Жерге болгон кыянатчылык мамиле бара-бара оор маселени жаратат. Азыр бул бизде эле эмес, дүйнөлүк масштабдагы чоң маселе.

Органикалык аймактарда компосту кандай даярдайт, биогумус, соолжандарды кандай кылып багып, андан кандай продукция алса болоорун, алардын баалуулугу же жерге берген кубаттуулугу тууралуу да окутуу керек. Биз былтыр эксперимент катары өзүбүздүн эле огороддогу чалкан, чеснок, жалбызды жана картошканын сыртын ачытып, химиялык эмес, табигый биологиялык фунгцид, гербицид катары өсүмдүктөргө бердик. Бөтөлкөгө даярдап, аны кантип пайдалануу ыкмаларын көргөздүк. Химиялык жер семирткичтерди бергенде курт-кумурскалар түбү менен жок болот. Алар экинчи жолу пайда болбойт. Биологиялык гербицидден курт кумурскалар акырындык менен жоголот. Органикалык аймактарда сентябрга чейин талаа күндөрүн өткөрөбүз. Фермерлерге ушул технологиялардын баарын көрсөтүп берүүнү пландап жатабыз.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X