Бир жумада өлкөдө 11 961 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды
Акыркы бир жумада республика боюнча 11 961 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык:
-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн — 1434;
-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн — 2004;
— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 3994;
— ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 72;
— жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 9;
— мамлекеттик номери жок – 21;
— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6;
— Автоээнбаштык – 8;
— жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 151;
— ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 79;
— Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 2;
-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 5298;
-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн — 23;
-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 220;
-унаа токтотуучу жайга токтотулду – 689.
Буга байланыштуу ИИМ жарандарга кайрылып, жол эрежелерин бузуу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин эскертти.