Бишкек 2050: шаардын келечектеги жол картасы белгилүү болду
Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы расмий бекитилди. Бул документте шаардын келечектеги жол-транспорттук өнүгүүсү кандай багытта жүрөрү көрсөтүлгөн.
Генплан_Бишкека_Схема_движения_транспорта
Картада негизги магистралдык жолдор, транспорттук линиялар, станциялар жана маанилүү түйүндөр кызыл түс менен белгиленген. Кара сызыктар шаардагы көчө жана жол тармагын көрсөтөт. Ал эми көк жана ачык көк түстөр коомдук транспорт каттамдарына тиешелүү. Ошондой эле картада трамвай жолдору да өзүнчө кызыл белгилер менен көрсөтүлгөн.
Бул план Бишкектин жакынкы жылдардагы эмес, узак мөөнөттүү өнүгүү багытын аныктайт. Жаңы жолдор, коомдук транспорт линиялары жана транспорттук түйүндөр шаардагы тыгындарды азайтууга, райондордун байланышын жакшыртууга жана борбордун кеңейишин тартипке салууга багытталган.
Бишкек өзгөрүү алдында турат. Эми эң башкы суроо: бул план кагазда эле калбай, турмушта канчалык сапаттуу ишке ашат?