Бишкек – Анталья багыты боюнча кошумча чартердик каттамдар ачылат
Быйыл 15-апрелден тарта ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек-Анталия-Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдарды ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектен Анталияга чартердик каттамдар жумасына 2 жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, учурда бул каттам боюнча жумасына 7 жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып келет.