«Бишкек Аренага» Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 30 миңге жакын көрүүчү чогулду
Бүгүн, 31-августта, «Бишкек Аренада» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өтөт. Стадионго 30 миңге жакын көрүүчү чогулду.
Расмий аземдин алдында кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда концерт уюштурулуп, көрүүчүлөргө музыкалык тартуулар тартууланууда.
Алдыда улуттук каада-салтты, маданиятты жана заманбап өнөрдү айкалыштырган масштабдуу шоу күтүлүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи бүгүн саат 20:00дө башталат.