Бишкек — Балыкчы багытында коопсуздук күчөтүлдү
Туристтик сезон башталганы Бишкек — Балыкчы багытындагы поезд каттамында жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө көзөмөлгө алынды.
Коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында милиция жана темир жол кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Адистердин айтымында, каттам учурунда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу, тартип бузуулардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү негизги багыттардын бири болуп саналат.