Кыргызстанга расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бишкекте чектөө «Манас» эл аралык аэропортуна жана Васильевский трактына баруучу каттамдарда, ошондой эле Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр, Барпы Алыкулов көчөлөрүндө киргизилет. Мындан тышкары Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде да кыймыл убактылуу чектелет.
Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жайларга жараша айрым унаа жолдору жабылат.
Ысык-Көлдө чектөө «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына баруучу жолдо киргизилет.
Ички иштер министрлиги жарандарды жолдогу өзгөрүүлөрдү эске алып, маршруттарын алдын ала пландаштырууга жана мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдаланууга чакырды.
Чектөөлөр жолдо жүрүү убактысынын узарышына жана айрым тилкелерде унаа тыгындарынын жаралышына алып келиши мүмкүн.
ИИМ коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, көмөк көрсөтүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди.