Бишкек ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен эң арзан шаар деп табылды

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 19

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларындагы тамак-аш азыктарынын чекене баалары аныкталып, анын жыйынтыгында Бишкек эң арзан шаар деп табылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын августунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башка борборлоруна салыштырганда керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталган. Ал эми минималдуу чекене баа Бишкек шаарында белгиленди. Бирок, бул өлкөлөрдө орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосунда Бишкек шаары артта калган.

Бул Бишкек шаарында айлык акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга 50 килограммдан ашык, ал эми Москвада — 4,1 эсеге көп (225,6 килограмм) уй этин сатып алууга болот. Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 2 тоннага жакын, ал эми Бишкек шаарында — 3,8 эсеге аз (527,4 килограмм) нан сатып алууга болот,-делет маалыматта

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X