Бишкек эл аралык конокторду тосууга камынууда. Мэр шаарды текшерди

29-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Бишкек шаарында эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга даярдык күчөтүлдү. 29-августта шаар мэри Айбек Джунушалиев «Манас» эл аралык аэропортун шаар менен байланыштырган негизги каттамдарды бойлой жүрүп, инфраструктуранын абалын жеринен текшерди.

Шаар башчысы Манас көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишиндеги жол өтмөгүн реконструкциялоо жана аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле «Аска-Таш» мемориалдык комплексине барып, анын аймагындагы оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштерин көрдү.

Мындан тышкары, расмий делегациялар өтүүчү каттамдардагы көчөлөрдүн тазалыгына, жарыктандырууга, жашылдандырууга жана чектеш аймактардын абалына өзгөчө көңүл бурулду.Возможно, это изображение текст

Мэр муниципалдык кызматтарга иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүп, шаардагы санитардык жана көрктөндүрүү иштерин күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды.

«Бардык объектилер жана шаардык каттамдар талаптагыдай абалга келтирилиши керек. Ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн багыт үчүн жеке жоопкерчилик тартат», — деди Айбек Джунушалиев.Возможно, это изображение Саграда Фамилия и текст

29-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X