Бишкек: Эркиндик бульварында унаа токтотууга тыюу салынды
Бишкектин Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, унаа токтотууга тыюу салынган белги Эркиндик бульварына Чүйдөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө коюлду.
Белгилей кетсек, унаалардын жана дөңгөлөктүү фудкорттордун башаламан токтотушунан улам тыюу салынды.