Бишкек менен Чанша боордош шаар болууга кадам таштоодо
Бишкек менен Кытайдын Чанша шаары боордош шаар мамилесин түзүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Хунань провинциясынын делегациясы менен жолугушуп, шаар чарбасы, инфраструктура, экология жана инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулады.
Жолугушууда Бишкекте таштандыны электр энергиясына айландыруучу экологиялык завод куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорго Чанша шаарында жайгашкан кытайлык «Junxin» компаниясы катышууда.
Кытай делегациясы Бишкектеги өзгөрүүлөрдү оң баалап, борбор калаанын жашыл аймактарын жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Тараптар мындан ары практикалык кызматташууну күчөтүүгө ниеттеништи. Анын ичинде Бишкек менен Чаншанын ортосунда боордош шаар мамилесин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу макулдашылды.
Жолугушуунун соңунда Айбек Джунушалиев Чжоу Минге кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.