Бишкек мэри балдар арабасы менен жүргөндөрдү жол акыдан бошотуу демилгесин көтөрдү
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрүп, жол акыны накталай эмес төлөө системасынын жыйынтыктарын жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча алдыдагы иштерди талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы балдар арабасын колдонгон ата-энелерди коомдук транспортто жол акысын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды.
Анын айтымында, тиешелүү жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин демилгени ишке ашыруунун механизмдери даярдалып, бир айлык пилоттук долбоор катары ишке киргизилиши керек. Бул мезгилде калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, долбоордун жыйынтыгы талданып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталуучу чечимдин долбоору даярдалат.
Кеңешмеде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жол акыны накталай эмес төлөө системасы оң натыйжа берип жатканын маалымдады. Учурда жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 түрдүү ыкмасы жеткиликтүү.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-июлунда коомдук транспортто 735 миң транзакция катталган. Системанын киргизилиши шаардык бюджетке күн сайын орточо 1 миллион сомго жакын кошумча киреше алып келүүдө. Ошондой эле контролёрлор жол акынын төлөнүшүн текшерүү боюнча рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Жыйында түнкү каттамдардын иши да талкууланды. Учурда түнкү каттамдарда күнүнө орточо 2 134 транзакция катталып, шаар тургундары тарабынан оң бааланууда. Алардын айтымында, мындай каттамдар түнкү убакта шаар ичинде коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө, ошондой эле чыгымдарды үнөмдөөгө шарт түзүүдө.
Мындан тышкары, шаар мэри Батыш автобекетинде жана «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын аймагында транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. Демилгеге ылайык, борбор калаага келген жарандар жеке автоунааларын автобекетке калтырып, шаар ичинде жүрүүгө ылайыкталган транспорттук картаны сатып ала алышат. Бул кызмат ыктыярдуу негизде сунушталып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Кеңешменин соңунда жайкы туристтик мезгилге байланыштуу №13 каттам боюнча түнкү каттам уюштуруу маселеси каралып, бул демилге шаар мэри тарабынан колдоо тапты.