Бишкек мэри Чанша шаарындагы таштандыны кайра иштетүү комплексинин иши менен таанышты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чанша шаарындагы тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын комплексине барды.
Бишкек шаардык делегациясын компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Дао кабыл алды.
Сапардын жүрүшүндө делегацияга ишкананын технологиялык процесси көрсөтүлүп, тиричилик калдыктарын кайра иштетүү, экологиялык көзөмөл жүргүзүү жана электр энергиясын өндүрүү этаптары тууралуу маалымат берилди.
Ишкананын кубаттуулугу суткасына 10 миң тоннадан ашык тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө жетет.
Делегация өзгөчө зыяндуу заттарды тазалоонун заманбап технологияларына, өндүрүштү автоматташтырылган көзөмөлдөө системасына жана калдыктарды коопсуз утилдештирүүгө көңүл бурду.
Бул сапар Бишкекте ишке ашырылып жаткан таштандыны кайра иштетүү комплексинин экинчи этабына даярдык көрүү жагынан маанилүү. Долбоорду да Junxin компаниясы ишке ашырууда.
Комплекстин биринчи этабы суткасына 1000 тонна калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген. Экинчи этап бүткөндөн кийин анын жалпы кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага чейин көбөйөт.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Чанша шаарындагы тажрыйбаны Бишкекте колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Анын ичинде таштандыны кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү, экологиялык талаптарды күчөтүү жана калдыктардан электр энергиясын өндүрүү системасын өнүктүрүү маселелери каралды.