Бишкек мэриясы №45 автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча маалымат берди

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

21-сентябрда саат 11:30 чамасында Бишкектеги Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №45 каттамдагы автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышты.

Кырсыктан автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Ага окуя болгон жерде тез жардам кызматкерлери тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда жол кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары такталууда.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X