Бишкек мэриясында жаңы дайындоолор болду
Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаардык мэриясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү тескемеге мэр Айбек Джунушалиев кол койду.
Жаңы жетекчилер мэриянын бир нече түзүмүнө дайындалды. Алар:
- Майнаева Асель Муктарбековна — Муниципалдык менчик башкармалыгынын Турак жай фонду бөлүмүнүн башчысы;
- Айбеков Марлен Айбекович — Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
- Мусаев Уран Мирбекович — Шаардык чарба департаментинин директору;
- Кучкачова Лилия Султанбековна — Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору;
- Осмоналиев Азамат Шукурбекович — Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
- Бейшембаев Азамат Туголбаевич — Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы;
- Маратов Олжас Маратович — Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
- Кудайбергенов Руслан Жанузакович — Коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.
Ошондой эле Абдес Анарбеков өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.
Мэриянын маалыматына ылайык, кадрдык чечимдер мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынган. Алар шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.