Бишкек шаарында маршруттук таксилер азайды
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча борбор калаада 2016-жылы 4340 маршруттук такси иштеген болсо, 2021-жылы 1300 гана маршруттук такси калган. Мунун эң негизги себеби маршруттук таксилерди айдагандар үчүн жол кире акысы такыр пайда бербей калганында. Ушул себептен акыркы айларда коомдук унаалардын айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүп берүү маселесин көтөрүшкөн. Шаардык кеңеш жол кирени көтөрүү боюнча маселени 28-сентябрдагы сессиясында карамай болушту.