Бишкек шаарынын мэри ишемби күнү да иштейт
Жаңы шайлана турган мэр эмне дейт?
Ишемби күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев дем алыш күнүнө карабастан шаардын төрт районунун жана шаар айланасындагы жашагын 53 жаңы конушунун башчыларын кабыл алды.
Жолугушууда Бишкек шаарынын үй куруучулары ассоциациясынын төрагасы М.Айткулов чыгып сүйлөп, шаардагы бир нече жылдан бери шаар айланасындагы жана райондордогу чечилбеген көйгөйлөр жөнүндө сөз кылды. Ал өз сөзүнда жакында Президент Садыр Жапаровдун кабыл алган “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөтүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы жарыкка чыккандагы, анда жаңы конуштардагы элдин маселелери туурасында жана чечиле турган бир топ шаардын маселелери туурасында айтып берди.
Мында Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биричи Май жана Октябрь райондорунун үй куруучуларынын башкы штабынын башчылары чыгып сүйлөшүп шаардагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдоруна токтолушту.
Ошондой эле эл менен жолугушууда элдин көйгөйүн уккан, шаар мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев чыгып сүйлөп,өз сөзүндө 26-августта шаар мэри болуп шайланып калса,эл менен менен тыгыз байланышта иштеп, ошодой эле эл тарабынан шайлаган шаардык депутаттар менен бирге эл үчүн кызмат кызмат кыла тургандыгын, азыркы бийлик эл үчүн иштеп, элге кызмат кыла тургангын, башкалардан өзгөчөлөнүп жаңы шайлана турганмэр мындан ары ишемби күндөрү да шаар жана анын эли үчүн кызмат кыла тургандыгын, жана аларды шаар тургундарын дем алыш күндөрү кабыл ала тургандыгын жана шаардагы чечилбеген көйгөйлөрдүн баарысын өз көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирди.
Жолугушууга келгендер жаңы мэрдин ишине ийгиликтерди каалашты жана ага ар тараптан жардам бере тургандыгын билдиришти.
Орункул Сатыкулов