Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо уланууда

18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Бишкек шаарынын райондорунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары уланууда.

2026-жылдын 15-октябрында Ленин районундагы № 109 муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) аймагында жергиликтүү жамааттын 110дон ашуун тургунунун катышуусунда жыйын өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 14 өкүл шайланды.Возможно, это изображение один или несколько человек, скрипка, флейта и кларнет
Октябрь районундагы № 406 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында өкүлдөрдү шайлоо боюнча жыйынга жергиликтүү жамааттын 55 тургуну катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 8 өкүл шайланды.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.

18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X