Бишкекке 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды. Коопсуздук күчөтүлөт

30-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата Бишкекте жол кыймылынын жана коомдук коопсуздуктун талаптары күчөтүлдү. Өлкөнүн аймактарынан борбор калаага 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды.Возможно, это изображение текст

ЖКККББнын башчысы Козукеев Азенбек Рахматуллаевич кызматкерлердин саптык кароосун өткөрүп, алардын алдыдагы эл аралык иш-чараларга даярдыгын текшерди. Анда кызматтык формасы, саптык даярдыгы жана кызмат өтөө абалы каралды.

Жол тескөөчүлөргө транспорт агымын жөнгө салуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана иш-чараларга келген конокторго жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү боюнча так тапшырмалар берилди.Возможно, это изображение текст

Алдыдагы күндөрү алар Бишкектин негизги көчөлөрүндө жана маанилүү багыттарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, шаардагы коопсуздукка көз салат.

30-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X