Бишкекке Кыргыз улуттук “Манас” театры ачылат

16-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 19

Бишкек шаарында кыргыз улуттук “Манас” театрын куруу пландалып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жыйын учурунда билдирди.
“Бул боюнча азыр устав, буйруктар даяр болуп, укуктук-ченемдик актылары каралып жатат. Даяр болгондон кийин ушул айдын аягында ачуу планыбызда бар. Бул жаатта өнөр адамдары, кесипкөй адистер эмгектенип жатышат. Мындан сырткары, билим берүү тармагында “Манас” мектебин түзүү да планга кирген. Максатыбыз “Манас” эпосун жайылтуу”, — дейт министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова конференция өткөрдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X