Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүнөн орун алган «Технопаркта» 19-20-апрель күндөрү «Үч биримдик: ата-эне, бала, мугалим» аттуу II эл аралык форум өтөт. Форумду «Гумандуу Аалам» мугалимдер жана психологдор коомчулугу уюштурат.
Уюштуруучулар үй-бүлөдөгү тарбиянын маанилүүлүгүн, билим берүү процессинде «үй-бүлө» баалуулугун, ата-эне менен мугалим экөөнүн өз ара байланышын бекемдөө форумдун негизги максаты экендигин белгилешти.
Эки күндүк иш-чарага белгилүү коомдук ишмер Роза Айтматова, гумандуу педагогика тармагы боюнча профессорлор казакстандык Асхат Абжанов жана орусиялык Марина Абрамова, билим берүү боюнча эксперт Зарина Макен, «Гумандуу педагогика жана ислам» китебинин автору Денис Пышкин, Беларусиядан келген Гумандуу педагогика академиясынын угуучусу Александр Личник катышат. Аталган адистер үй-бүлө, мектеп темаларына токтолуп, балдардын билим жана тарбия алуу маселелерин талкуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Форумдун биринчи күнүндө докладдар окулуп, баяндамалар жасалып, талкуулар жүргүзүлөт. Экинчи күнүндө «Үй-бүлөлүк тарыхтар» аллеясы ачылып, ага алгачкы бактар отургузулат. «Ар бир үй-бүлө өзүнүн тарыхын жана баалуулуктарын символдоштурган дарак отургузууга мүмкүнчүлүк алат», — дейт уюштуруучулар.
Иш-чара Асхат Абжановдун жубайлар үчүн жабык мастер-класс өткөрүүсү менен жыйынтыкталат.