Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет
15-октябрдан тарта Бишкек шаарында №37 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.
Жаңы каттам «Биримдик Кут» конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.
Бул демилге шаар тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, күнүмдүк каттамдарды ыңгайлуу кылууга багытталган.
Жаңы автобустун ишке кириши аталган аймактардын тургундарынын шаар ичинде жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.