Бишкекте №57 жаңы автобус каттамы ишке кирди

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84

Бишкекте бүгүн, 9-октябрдан тарта №57 автобус каттамы жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Жаңы каттам Тунгуч-2 кичи районунун жана ага чектеш аймактардын тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Автобустар «Тунгуч-2 кичи району (айланма)» багыты боюнча каттап, Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу жүрөт.

Каттамды тейлөөгө «Yutong» үлгүсүндөгү 10 автобус тартылды.Возможно, это изображение светокопия и текст

Жаңы каттамдын ишке кириши шаар тургундарынын күнүмдүк каттамдарын жеңилдетип, шаар ичинде ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, автобустар каттамга чыгар алдында техникалык текшерүүдөн өтүп, айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлөт. Автобустардын кыймылы бекитилген схемага ылайык уюштурулат.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X