Бишкекте 14 кабаттуу үйлөрдүн бетону менен кирпичинин сапаты текшерилди

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 96

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсү, 104А дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн бетону менен кирпичинин сапаты текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери объектте сыноо иштерин жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда темир-бетон конструкцияларынын сапаты бааланып, кирпичтен тургузулган дубалдардын бекемдиги текшерилди. Бул иштер курулуш материалдарынын белгиленген талаптарга шайкештигин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгүн аныктоого багытталган.

Мындай текшерүүлөр курулуштагы мүмкүн болгон мыйзам бузууларды өз убагында аныктап, коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлөт.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 96
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X