Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй пайдаланууга берилди
Бишкек шаарындагы көп жылдан бери документ маселеси чечилбей келген турак үйлөрдүн бири мыйзамдаштырылды. Миң-Куш көчөсү, 21 дарегиндеги 15 батирлүү үйдү пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы жашоочуларга тапшырылды.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов үйдүн жашоочулары менен жолугуп, тиешелүү документти тапшырды.
Департаменттин директору белгилегендей, көйгөйлүү курулуштарды мыйзамдаштыруу иштери президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп, жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган.
Маалыматка ылайык, аталган үйдүн курулушун буюртмачы катары Тилекпаев И.Б. жана Мирланов Т.М. жүргүзүшкөн. Бирок курулуш өз убагында толук аяктабай калгандыктан, тургундар батирлерин өз атына каттата албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушкан.
Эми шайкештик актысынын тапшырылышы менен үйдүн пайдаланууга берилишине байланыштуу маселе чечилип, жашоочулар үчүн батирлерин мыйзамдуу каттоого алуу жолундагы маанилүү тоскоолдук жоюлду.