Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда айрым автобустардын каттамы өзгөрөт
Бишкекте эл аралык иш-чараларга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу 31-август жана 1-сентябрда коомдук транспорт кадимки режимде иштегени менен, айрым каттамдардын жүрүү аралыгы көбөйүп, жолдогу убактысы узарышы мүмкүн.
Убактылуу схема №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254 каттамдарына жарым-жартылай тиешелүү болот.
Шаар мэриясы жүргүнчүлөргө сапарын алдын ала пландап, жолдо жүрүү убактысы көбөйүшү мүмкүн экенин эске алууну эскертти.