Бишкекте 9 айда 288 өрт кырсыгы катталды

25-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 20

Бишкек шаары боюнча 9 айда 288 өрт кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алышкан. Материалдык чыгымдардын жалпы суммасы 56 218 071 сомду түзгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук ӨКБнүн өрттү алдын алуу жана өрт өчүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Өзгөчө кыш мезгилинде өрт коркунучу жогору. Жарандар айрым учурларда өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бербеген жылыткычтарды колдонуп, этиятсыздыктан жана шалаакылыктан өрт кырсыктары орун алат.

Калкты биринчи кезекте электр тогуна этият мамиле жасоого, чылымды өчүрүп таштоого,  үйдөн чыгып бара жатканда сөзсүз түрдө электр тогу менен байланышкан приборлорду өчүрүүгө жана өрт коопсуздугун эске алып этият болууга чакырабыз.

Балдарга көңүл бөлүп, өрт коопсуздугун түшүндүргүлө. Өрт кырсыгы катталган учурда, тезинен 101 же 112 телефонуна чалып, кабарлаңыздар», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X