Бишкекте Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен унаа кыймылы убактылуу толугу менен чектелет.
Маалыматка ылайык, чектөө 2026-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин күчүндө болот.
Шаар тургундарынан жана борбор калаага келген коноктордон сапар багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болгон айланма жолдорду колдонуусу суралат.
Тиешелүү кызматтар айдоочуларды убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.