Бишкекте абанын булганышы нормадан эки эсе ашты

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки мезгилде шаардагы атмосфералык абадагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары айрым көрсөткүчтөр боюнча жол берилген чектүү концентрациядан 2 эсеге чейин ашкан.

Абанын сапатына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы борбор калаада абанын булгануу деңгээлине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X