Бишкекте “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү өтөт

Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата 22-23-24-октябрь күндөрү Бишкектин эски аянтында “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо бөлүмүн башчысы Жайлобек Мадьяров билдирди.

Жарманкеге 200дөн ашуун Кыргызстандын алдыңкы жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышат.

Мадьяровдун айтымында, көргөзмө-жарманкеге айыл чарба техникалары жана акыркы заманбап айыл чарба технологиялар, айыл чарба жаныбарларынан асыл тукум мал жандыктар жана канаттуулар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

“АгроТехЭкспо” көргөзмөсү Кыргызстанда 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Көргөзмөнүн негизги максаты айыл чарба тармагындагы техникаларды жана өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнү менен камсыздоо болуп саналат. Ошондой эле дыйкандарды өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу каражаттар менен колдонууга, жер семирткичтердин сапаттуусун тандоого жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө үйрөтүүгө багытталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X