Бишкекте бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган жаранга айып пул салынды
Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда бак-дарактарды кыюу боюнча тараган видео боюнча маалымат берди.
Мэриядан билдиришкендей, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бак-дарактарды кыюу иштери шаар тургуну тарабынан тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөнү аныкталган.
Аталган факты боюнча жаранга карата административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзамда каралган тартипте айып пул салынды. Маалыматка ылайык, жаран өзүнүн мыйзам бузгандыгын моюнга алып, аныкталган тартип бузуулар менен макул болгон.
Мындан тышкары, шаар тургуну келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана аймакты калыбына келтирүү боюнча милдеттенме алды. Бул иштер бүгүнкү күндүн ичинде аткарылары белгиленди.
Бишкек шаарынын мэриясы жашыл аймактарды коргоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп жатканын белгилеп, жарандарды бак-дарактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.