Бишкекте балдар сасык тумоолоп калса, кайсы номерге чалуу керек?

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 91

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда балдарда курч респиратордук вирустук инфекциянын (ОРВИ) алгачкы белгилери байкалганда телефон аркылуу кеңеш берүүчү колл-борборлор иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Колл-борборлор жекшембиден башка күндөрү саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Эпидемиологиялык кырдаал начарласа, иш убактысы 20:00гө чейин узартылышы мүмкүн.

Кеңеш алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот:

  • №1 ҮМБ — 0501 323 156
  • №2 ҮМБ — 0559 203 103
  • №3 ҮМБ — 0500 755 471
  • №4 ҮМБ — 0704 706 773
  • №5 ҮМБ — 0500 706 911
  • №6 ҮМБ — 0558 299 808
  • №7 ҮМБ — 0500 060 868
  • №8 ҮМБ — 0700 157 609
  • №9 ҮМБ — 0550 359 050
  • №10 ҮМБ — 0990 507 015
  • №11 ҮМБ — 0500 530 010
  • №12 ҮМБ — 0501 121 293
  • №13 ҮМБ — 0707 366 084
  • №14 ҮМБ — 0550 103 150
  • Темир жол ооруканасы — 0709 372 849

Министрлик балдарда ОРВИнин алгачкы белгилери пайда болгондо колл-борборлорго кайрылып, оорунун алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X