Бишкекте балдарга убактылуу стационар ачылды
Бишкек шаарында жаш балдар арасында сасык тумоонун күч алганына байланыштуу шаардык балдар клиникасынын ишин жеңилдетүү максатында оорулуу балдарды кабыл алып, дарылоочу убактылуу стационар ачылды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кошумча стационар Республикалык диагностикалык борборунда ачылды. Стационар бүгүн, 22-октябрдан тартып иштей баштайт.
Эске салсак, өткөн аптадан баштап Бишкектеги бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштей баштады. Буга балдар ооруканаларында сасык тумоонун курч формасын менен ооруган жаш балдардын көбөйгөнү себеп болгон.