Бишкекте бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштейт
Бишкек шаарында балдар арасында сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу бейтапканалар эми дем алыш күндөрү да иштей баштайт. Мэриянын берген маалыматына ылайык, бейтапканалар ишемби жана жекшемби күндөрү иштебегендиктен (эс алуу күндөрү) борбордогу балдар ооруканасына кайрылгандар жана кезек күткөндөр кескин көбөйүп кеткен.
Ушундан улам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ишемби күндөрү саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин, жекшемби күнү 08:00дөн түшкү саат 14:00гө чейин бейтапканалардын дарыгерлерине иштөө буйругун чыгарды.
Оорулардын алдын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, учурда сасык тумооого кабылгандардын 94%ы 14 жашка чейинки жаш балдар.