Бишкекте билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы өттү: жеңүүчүлөр аныкталды

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Бишкекте мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өтүп, спорттун бир нече түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, мелдеш 17-октябрда №68 мектептин базасында уюштурулду. Ага борбор калаанын төрт районунун курама командалары катышты.

Катышуучулар аялдар жана эркектер арасында волейбол, аркан тартыш, эстафета жана дартс боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында волейболдун аялдар жана эркектер арасындагы түрлөрүндө, эстафетада жана дартста Ленин районунун командасы биринчи орунду ээледи.

Аркан тартышта аялдар арасында Биринчи Май районунун, эркектер арасында Свердлов районунун командасы жеңүүчү болду.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери диплом, медаль, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X