Бишкекте бир жумада 45 мас айдоочу кармалды

6-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 18

2021-жылдын 27-августунан 2-сентябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкаруу — 45;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 7;

— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 41;

— жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу — 1;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 4261. Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

6-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Коом 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X