Бишкекте Ботаникалык бакчадан өрт чыкты
Борбордо Ботаникалык бакчанын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:36да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:58де чектөөгө алынып, саат 10:15те толук өчүрүлгөн.