Бишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгү толугу менен жарыктандырылды

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 117

Бишкекте Чүй проспектинин Бейшеналиева көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын жаңылоо иштери аяктады.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы бул тилкеде 177 жаңы мамы, 362 заманбап чырак орнотуп, 7 470 метр кабель тартты. Ошондой эле Манас көчөсүнүн Чүй проспектисинен «Аска-Таш» мемориалдык комплексине чейинки бөлүгү да жаңыланды.

Жаңы жарыктандыруу жолдун жана ага чектеш аймактардын көрүнүшүн жакшыртып, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатат.

Борбор калаада тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштери уланууда.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X