Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиеванын билдирүүсүндө, 19-апрелден баштап Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды.
Элмира Иманалиеванын айтымында, борбор калаадагы мектептерде вирус жуктургандардын саны көбөйгөнгө байланыштуу, Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгерде окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат.
Апрель айынан бери Бишкекте 7 мектеп кайрадан онлайн режимге өткөн.
Буга чейин маалым болгондой, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.