Бишкекте дүйнө лидерлери чогулууда. Алгачкы коноктор келди

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-борборуна мамлекет башчылары келе баштады. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокторду өзү тосуп алып, эстеликке сүрөткө түшүүдө.

Алгач борборго Иран, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери келишти.

Саммитке Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Египеттин мамлекет башчылары катышат.

Мындан тышкары, БУУ, КМШ, ЖККУ, Евразия экономикалык комиссиясы жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да жыйынга катышууда.

Белгилей кетсек, бул жыйын Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болуп саналат. Төрагалык «ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай» деген ураан алдында өтүүдө.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X