Бишкекте Экологиялык кеңештин төртүнчү отуруму өттү

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

2026-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы И. Айдарбеков көчөсүнүн жаңыланган бульварында Экологиялык кеңештин төртүнчү отуруму өттү.

Жыйынга мэр Айбек Джунушалиев, депутаттар, шаардык кызматтардын жетекчилери, экоактивисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бульварды кыдырып, реконструкция иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, бак-дарактарды отургузушту.Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа

Мэр Айбек Джунушалиев шаарды өнүктүрүүдө жарандардын сунуштарын жана конструктивдүү сын-пикирлерин эске алуу маанилүү экенин белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек

Ошондой эле Алматы шаарынан келген ландшафт архитектору Роман Шнайдерман Бишкектин жашыл мейкиндиктерин өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча сунуштарын бөлүштү.

Иш-чаранын алкагында бульварга декоративдүү бадалдардын 2 878 көчөтү отургузулду.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жыйын ачык талкуу менен аяктап, катышуучулар жашылдандыруу, сугат системасы жана коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айтылган сунуштар мэриянын тиешелүү кызматтары тарабынан каралат.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X