Бишкекте электросамокаттарды убактылуу чектөө сунушталды

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 123

Бишкекте эл аралык маанидеги иш-чараларга байланыштуу электросамокат жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды.

Мэриянын маалыматына караганда, чектөө 30-августтан 2-сентябрга чейин күчүндө болот. Бул мезгилде электросамокаттарды ижарага берген компанияларга шаар аймагында кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтотуу сунушталууда.

Мындан тышкары, операторлорго электросамокаттарды муниципалдык аймактарга жайгаштырбоо жана токтотуп коюуну убактылуу токтотуу сунушталды.

Мындай чаралар коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол кыймылын үзгүлтүксүз уюштуруу жана эл аралык иш-чаралардын катышуучуларынын эркин жүрүүсүнө шарт түзүү максатында кабыл алынууда.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X