Бишкекте кол өнөнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы 15-жолу өтүп жатат

28-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 25

27-31-авгутка чейин борбор калаабыз Бишкекте “Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн кеңеши” менен “Оймо” биргеликте уюштурган салттык маданият жана кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы өтүп жатат. Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгына арналган бул фестивалдын жүрүшүндө атайын сатык ярмарка уюштурулууда. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Орто Азиядан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, ж.б. катышмакчы. Бул фестивалдын негизги максаты-маданий мурастарды сактоо, аны жайылтуу.

Кол өнөрчүлөрдүн фестивалы жыл сайын региондордо өткөрүлүп келет. Анын уландысы катары Чүй облусунда өткөрүлөт. “Оймо” фестивалы быйыл 15-жолу өткөрүп жатат.

“Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин” төрайымы Жамбы Карыбекованын айтымында, жер-жерлерден келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери бириктирилип учурда сатык жарманкесине алынып чыккан. Аны ортомчусуз сатууга, алака түзүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Улутуна карабай кызыккан элдин саны жыл санап көбөйүп жатканы кубанарлык.

Учурда жарманке кызуу жүрүп жатат.

Айзада Дүйшөнбаева

28-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X