Бишкекте көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплекси курулат

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130

Бишкекте Чокан Валиханов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге 19-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана «Иллюзион.kg» компаниясынын башкы директору Самат Салыбаев кол коюшту.

Мэриянын маалыматына ылайык, комплекс шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алуу жана көңүл ачуу жайы болот. Ал үй-бүлөлөргө жана жаштарга бош убактысын кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган.

Айбек Джунушалиев курулуш бекитилген эскиздик долбоорго ылайык жүргүзүлүп, шаар кызыкчылыктары эске алынышы жана белгиленген мөөнөттөр сакталууга тийиш экенин белгиледи.

Мэрия бул долбоор шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, тейлөө тармагын кеңейтүүгө жана Бишкектин туристтик жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X