Бишкекте курулуш аянтчасында атайын техника кулады
Бишкек шаарында курулуш аянтчаларынын биринде атайын техника кулап, компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Чыңгыз Айтматов проспектиси, 48 дарегинде жайгашкан 20-25 кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда болгон.
Анда бетон куюучу насостук жабдууну жылдыруу учурунда конструкция жылып кетип, техника тең салмактуулугун жоготуп, курулуштун сырткы тосмосуна кулап түшкөн.
Окуя боюнча адистер жеринде текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «КФ Авангард» ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлгөн.
Министрликтен билдиришкендей, коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Учурда окуя болгон аймак курчоого алынып, бузулган жерлерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.