Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы курулуш объектилериндеги көзөмөл иштерин улантууда.
Кезектеги текшерүү Кокон тар көчөсүнүн 25, 23, 21 жана 19-даректеринде жайгашкан 9 кабаттуу турак жайдын жана 7 кабаттуу административдик борбордун курулуш объектисинде жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда курулуш ченемдеринин жана коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Байхан Строй» ЖЧКсына карата текшерүү актысы түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Мындан тышкары, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.