Бишкекте Кыргызстандын мыкты китептеринин авторлору жана басмаканалары сыйланды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында КМШга мүчө мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагынын жана улуттук сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Дипломдорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тапшырды.
Иш-чарага китеп авторлору, түзүүчүлөр, басмакана өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Алардын арасында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов да болду.
Быйыл Кыргызстандын басмаканалары Минск шаарында 23–24-июлда өткөн XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагында ар түрдүү номинациялар боюнча жалпы 11 сыйлыкка ээ болушту. Сынакта ата мекендик китеп басылмаларынын сапаты, көркөм жасалгасы жана басма ишиндеги жетишкендиктери бааланды.
Ошондой эле улуттук «Китеп искусствосу» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Быйыл ага тогуз басмакана 38 китеп басылмасын сунуштаган. Сынак ата мекендик басма тармагын өнүктүрүүгө, китептердин сапатын жогорулатууга жана мыкты басылмаларды аныктоого багытталган.
Иш-чаранын алкагында жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, Мамлекеттик китеп палатасынын жаңы конференц-залы ачылды. Ал жерде мындан ары конференцияларды, китептердин бет ачарларын, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана кесиптик жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Жаңы аянтча китеп басып чыгаруу тармагынын, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө, улуттук адабий мурасты сактоого жана китеп окууну жайылтууга өбөлгө түзөт.