Бишкекте «Кыял» базарында өрт чыкты

30-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 20

30-сентябрь таң эрте болжол менен саат 04:00 чамасында Чүй проспектиси №202 дарегинде жайгашкан “Кыял” базарында өрт чыгып, 17 даана темир контейнерлер күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө 4 бригада тартылган.

Өрт саат 04:33тө чектөөгө алынып,05:27де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себептери жана келтирилген материалдык чыгымдардын эсеби такталууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X